www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир айга 8 697 сомго жашаса болоору айтылды

Статкомдун маалыматына ылайык, Кыргызстанда бир адам айына 8 697 сом менен жашай алат. Бирок базарга чыкканда, батир ижарасын төлөгөндө же дарыканага киргенде бул сумма реалдуу жашоого жетеби деген суроо туулат.

Бишкекте жашоо минимуму 8 984 сом деп эсептелгени менен, бир бөлмөлүү батирдин ижара акысы эле мындан бери дегенде 4-5 эсе кымбат. Азык-түлүк, транспорт, байланыш, дары-дармек сыяктуу керектөөлөр расмий эсепке толук батпайт.

Өкмөт ИДП өсүп жатканын айтып келет. Бирок статистикадагы өсүш элдин капчыгында байкалган жок.

Арийне, 8 697 сомго тирүү калууга мүмкүн чыгар. Бирок кадыресе жашоого мүмкүн эмес. Демек, жашоо минимуму элдин турмушун чагылдырган көрсөткүчтү билдирбейт.

Последние новости