www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков электр энергиясын сарамжалсыз пайдалануу өлкө үчүн олуттуу көйгөй жаратып жатканын белгиледи.
Ал бул тууралуу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында жазды.
Анын айтымында, Кыргызстанда электр энергиясына болгон муктаждык акыркы жылдары кескин өсүп, өндүрүш көлөмү керектөөнү толук камсыздай албай калууда. Учурда республика боюнча суткалык керектөө 74 млн кВт/сааттан ашса, гидроэлектр станциялары орточо 57 млн кВт/саат гана өндүрүүдө.
Орунбеков белгилегендей, курулуштардын көбөйүшү, завод-фабрикалардын ачылышы жана калктуу конуштардын кеңейиши электр энергиясына болгон басымды күчөттү. Мындан улам өкмөт мамлекеттик мекемелерде үнөмдөө режимин киргизип, калкты да жарыкты сарамжалдуу пайдаланууга чакырууда.
Ошол эле учурда энергетикалык тармакта ири долбоорлор ишке ашып жатат. Алардын катарында "Камбар-Ата-1" жана "Камбар-Ата-2" ГЭСтери, Куланак ГЭСи, күн жана шамал электр станциялары, ошондой эле ондогон чакан ГЭСтер бар. Бирок бул долбоорлордун толук натыйжасы 2030-жылдарга барып сезилет.
Ал ошондой эле климаттын өзгөрүшү жана суунун азайышы Токтогул суу сактагычындагы абалга да таасир эткенин белгилеп, электр энергиясын сарамжалсыз колдонуу суу ресурстарынын дагы кыскарышына алып келиши мүмкүн экенин эскертти.
"Электр энергиясын үнөмдөө - ар бир жаран үчүн жоопкерчилик. “Бул өкмөттүкү” деген кайдыгер мамиледен арылбасак, көйгөйдү өзүбүз жаратабыз", - деп жазды Орунбеков.