www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде маданият министринин орун басары Союзбек Надырбеков мамлекеттик гимндин текстин жана музыкасын жаңылоо маселеси боюнча маанилүү маалымат берди.

Анын айтымында, мындан ары жаңы гимнди түзүү боюнча ачык сынак өткөрүү эмес, тескерисинче, мамлекеттик тапшырма аркылуу иш алып баруу ыкмасы каралууда.

амлекеттик гимнди өзгөртүү демилгеси алгач 2024-жылы ошол кездеги Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу тарабынан көтөрүлгөн. Бул сунуш коомчулукта жана мамлекеттик деңгээлде талкуу жараткан соң, демилгени президент Садыр Жапаров да колдоп чыккан.

Кийин, 2025-жылы жаңы гимндин текстин жана музыкасын даярдоо максатында расмий сынак жарыяланган. Бул процесстин жүрүшүндө ар кайсы авторлор тарабынан бир нече чыгармачыл варианттар сунушталып, эксперттик талдоолордон өткөрүлгөн.

2026-жылдын январь айында сынактын жыйынтыгы катары тандалып алынган үч негизги вариант Жогорку Кеңешке кароого жөнөтүлгөн. Бирок парламент депутаттары бул үч сунушту тең жетиштүү деңгээлде ылайыктуу деп таппай, алардын баарын четке кагышкан.

Мына ушундай кырдаалдан кийин, гимнди жаңылоо маселеси кайрадан талкуу баскычына кайтып келип, эми процесс ачык сынак формасынан чыгып, мамлекеттик тапшырма аркылуу иштелип чыгышы мүмкүн экени айтылууда.

Последние новости