www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдү айланып өтүүчү темир жол курулат

Кыргызстанда Ысык-Көл көлүн айланып өтүүчү шакекче темир жолунун курулуш долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу уланууда. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылы долбоорду ишке ашыруу механизмдерин аныктоо пландалууда.

«Темир жолдун курулушун этап-этабы менен жүргүзүү болжолдонууда. Биринчи этапта Балыкчы – Чолпон-Ата тилкеси салынат, андан соң Чолпон-Ата – Каракол багытындагы жолду куруу пландалууда», — деп белгиледи министр.

Последние новости