www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эми ипотекалык насыя алууда баштапкы төлөмү жокторго ипотекалык кепилдик бериле баштайт. Бул тууралуу маалымат жыйынында "Кепилдик фонду "ААК башкармалыгынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров билдирди.

Анын айтымында, 13-декабрда "Кепилдик фонд", "Мамлекеттик ипотекалык компания" жана "РСК Банк" ААКтын ортосунда ипотекалык кепилдиктерди берүү жөнүндө келишимге кол коюлду.

"Документ суралган каржылоону алуу үчүн жетиштүү баштапкы салымы жок кардарлардын милдеттенмелеринин бир бөлүгүн камсыз кылуу кепилдиктерин берүү аркылуу Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн ипотекалык турак жайды каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Келишимдин предмети болуп ФКОдо суралган каржылоону алуу үчүн жетиштүү баштапкы төлөмү жок кардарлардын милдеттенмелеринин бөлүгүн камсыз кылуу үчүн ипотекалык кепилдиктерди берүү механизмин аныктоо саналат", - деди Абакиров.

Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө көптөр турак-жай алууда кыйынчылыктарды баштан өткөрүүдө. Мамлекеттик турак-жай программасынын катышуучуларына ипотекалык кепилдиктерди берүү турак жайды каржылоо системасын өнүктүрүүгө жана өлкөнүн жарандарын жеткиликтүү турак-жай менен камсыздоого жардам берет.

"РСК Банк" ААК башкармалыгынын төрагасынын Кадырбек Букуев белгилегендей, банкка турак жай сатып алууга насыя алуу үчүн көптөгөн арыздар түшүүдө.

"Ипотекалык насыя алуучулардын көбүнө баштапкы төлөмдү төлөөгө каржы ресурстарынын жетишсиздиги негизги тоскоолдук болуп саналат", - деди ал.

Эскерте кетсек, макулдашууга кол коюу КР президенти кол койгон “Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамын ишке ашыруунун биринчи кадамы болуп саналат. Киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, мамлекеттик ипотекалык насыялоо программасынын алгачкы төлөмгө каражаты жок катышуучулары "Кепилдик фонд" ААКтан кепилдик ала алышат.

Ушул макулдашууну ишке ашыруунун алкагында "Кыргыз Республикасындагы турак жайды каржылоо" турак жай программасынын шарттарында белгиленген талаптарга жооп берген мамлекеттик турак жай программасынын катышуучуларына ипотекалык кепилдиктер берилет.

Булак: NazarNews.kg   

Последние новости