www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Май айында айдап-себүү мезгилинде «үркөр батты, кош жатты» деген накыл сөздөр бекеринен айтылбаса керек. Үркөр батты деген сөздү, байыркы кыргыздар көбүнесе Үркөр жерге түштү деп аташкан. Бул сөздүн айтылып калышынын да олуттуу себеби бар. Качан гана Үркөр батканда жер кыртышынын үстүнкү кыртышы ойдогудай ысый баштайт. Ошондо гана бел-белестеги, ой-кырлардагы чөптөр дүркүрөп өсө баштайт. Төрт түлүк мал ошондо гана көк чөпкө кененирээк тоюп калышат. Эсенбай эсепчи айдын түрпөйүнө, башкача айтканда ай чалкалап же иймейип жаңырганына жараша ошол айдын жаанчыл же кургакчыл болоорун, кайсыл күнү эгин сепсе өнүмдүү болоорун, күндүн чыгышы менен батышына карата эртеси күн кандай болоорун айткан. Айдын чалкалап жаңырганы - элге тынчы жок, иймейип жаңырганы өзүнө тынчы жок болот деген экен Эсенбай эсепчи. Ал келгин куштардын келишине, асмандагы жылдыздардын жайгашуусуна дыкат көзөмөл салып турган. Айдын, жылдыздардын дыйканчылыкка - айыл чарба өсүмдүктөрүнө таасирин жакшы билген.

Элдик тажрыйбада тал-теректи ай толгуча отургузган жакшы. Ошондой эле сабагы түшүм берүүчү өсүмдүктөрдү коон, дарбыз, ашкабактарды ай жаңыргандан кийин айдаса түшүм мол болоорун азыр кыргыз билип калды. Анткени биоэнергия жогору карай кетет. Ал эми тамыры түшүм берүүчү өсүмдүктөрдү сабиз, пияз, картөшкө, жер жаңгак ай кемий баштаганда айдаса түшүм жакшы болот. Майдын 15 жарыгы «кызыл түлөө маалы», 15 караңгысы «күкүк маалы» аталат. Май бир жаңысынан Ай менен Үркөр тогойт. Бугу ушул айда төлдөгөн үчүн бугу дейт.  Биоэнергия төмөн жакка топтолот. Кыргыз элинин уламышына айланган Эсенбай эсепчи кайсы убакта эгин себээрин да жылдызды карап билген. Кээ бир учурда дан эгиндерин туура эмес сээп жаткан учурда, аяр салып, кеңешин айтчу экен. Майдын аягы үркөр чыгып калган убакта Үч -Булак деген жерде эгин сээп жаткандардын жанынан өтүп баратып Үркөр батканын байкаган Эсенбай эсепчи: “Эртелесеңер болмок, түшкө чейинки эгиниңер бышат, түштөн кийинкиңер бышпай калды окшойт” –деп кетет.

Байтерек уулу Айранчы деген болгон ошол киши айтып калаар эле, Эсенбай карып калганда ал жаш жигит болсо керек.  Мунун эсебин байкайлы деп, түшкө чейинки себилген менен түштөн кийинки себилген эгиндин ортосуна таш менен белги коюп коюшат. Август, сентябрь айлары эки тарап бирдей бышып баратып эле, сентябрдын аягы үшүк жүрүп, түшкө чейинки себилгендер толук бышып үшүккө чалынбай, түштөн кийинки себилген бышпай үшүк алып кетиптир. Ушул эле окуяны анын уулу Келдибек кайталайт. Алтымышынчы жылдардын башында ал кездеги Кара-Суу колхозунун башкармасы Келдибек Эсенбаев Каройдо эгин сээп жаткан Шапак уулу Момуш баш болгон адамдарды шаштырат.»Түшкө сейин эгинди сээп салыш керек, болбосо кеч калып баратабыз» деп.  Момуш: «Мунун атасы Эсенбай кыйын эсепчи болгон.Балким андан бир нерсе калгандыр, балдар түшкө чейинки себилген эгин кайсы жерде бүткөнүн белгилеп койгулачы, күзүндө байкайлы» деп чек коюп коюшкан экен. Күзүндө карашса эле түшкө чейин себилген эгиндер жакшы бышыптыр, түштөн кийин себилген эгиндер ала дүмбүл болур кээси бышса, кээси үшүккө алынып кетиптир. Чындыгы Келдибекте Эсенбай эсепчинин көп билгендери калган. Шамыркан Бейшеев деген мугалим айтып калчу: «Келдибек агай атасын тартып көп нерсени билген. Көп жолу балдар эртең кар жаайт, камылгаңарды көрө бергиле дечү. Мен эмгек сабагынан мугалим элем, жаба турган нерселерди жаптырып койчумун. Эртеси кар жаачу, анын билгенине оозумду ачып, кийин көнүп кеттим» дей турган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg       

Последние новости