www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда бүтүндөй республика боюнча бажы процесстерине онлайн видео-мониторинг жүргүзүү системасы киргизилип жатат. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, Мамлекеттик бажы кызматынын (МБК) өткөрмө пунктарында жана бажылык тариздөө жайларында бажы кызматынын кызматкерлеринин ишине мониторинг жүргүзүүнү ишке ашыруу үчүн МБКнын борбордук аппаратына маалыматтарды онлайн өткөрүп берүү менен видеокөзөмөлдөө системасын киргизүү боюнча жумуш өткөрүлүп жатат. МБКнын кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугун жакшыртууга, ошондой эле бажы кызматынын системасында коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтүүгө көмөктөшүүчү видеокөзөмөлдөө системасын киргизүү иштерин 2019-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.
Азыркы учурда, 5 бажылык тариздөө жайларында видеокөзөмөлдөө камералары убактылуу сактоо кампаларынын ээлери тарабынан коюлган, ошондой эле бажылык тариздөө жайларынын башка жерлеринде видеокөзөмөлдөө камераларын коюу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. 2015-жылдын 31-мартындагы Евразия экономикалык бирлигине кошулуу процессинин алкагында Кыргыз Республикасына техникалык көмөк көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун алкагында 472 видеокөзөмөлдөө камераларын орнотуу боюнча иштер аяктады.
Ушуну менен бирге, МБК тарабынан өткөрмө пункттарында жана бажылык тариздөө жайларында орнотулган бардык видеокөзөмөлдөө камераларын МБКнын борбордук аппаратында онлайн мониторинг жүргүзүү системасына кошуу боюнча иштер жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө «Торугарт» жана «Иркештам» өткөрмө пункттарында орнотулган видеокөзөмөлдөө системасын «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенишүү системасы аркылуу мониторингдин улуттук системасына кошуу жүзөгө ашырылды.
Булак: "NazarNews.kg"