www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оренбургдагы «Борбор – 2019» аскердик машыгуусу. Даярдыкта келген десанттар асмандан жерди карай түшүрүлдү. Алардын арасында эки согуш унаасы дагы бар. Бирок эмнегедир экөөнүн тең парашюту ачылбай калды. Анан мына алар катуу ылдамдыкта келип жердин чаңын сапыра биринин үстүнө бири жанчылып жатып калышты.

Учурда бул окуянын чоо-жайын Орусиянын аскер прокуратурасы териштирип жаткандыгы айтылууда. Бактыга жараша бул техникалардан бөлөк бир дагы жандуу жабыр тарткан эмес. Ал эми жерге тийип жанчылган аскер техникасынын ичинде экипаж мүчөлөрү болбогонун Орусиянын коргоо министрлиги билдирген.

Эске сала кетсек, 16-21-сентябрь күндөрү Орусияда “Борбор-2019” аталышындагы эң чоң аскердик машыгуу өткөн. Анда 20 миңден ашык аскердик техника жана 600 учак, кемелер тартылган. Ошондой эле Индия, Пакистан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Кытай жана Кыргызстан болуп жалпысынан Азиядагы бул 7 өлкөнүн 128 миңден ашык аскерлери жерде, абада жана деңизде тапшырмаларды аткарышкан.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости