www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаңы өкмөт өлкөдөгү жана Бишкек шаарындагы коопсуздуктун, коомдук тартиптин сакталышына толук жоопкер болот. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө айтылат.
Кошумчалай кетсек, Кыргыз Республикасы бүгүн мыйзамдуу өкмөттү шайлоо менен укуктук талаага кайтууга ишенимдүү кадам таштаганы белгиленген.
Муну менен бирге алдыдагы парламенттик шайлоону эркин, таза жана адилеттүү өткөрүү милдети турат.
"Айрым деструктивдүү күчтөр ар кандай басым менен кыргыз элин жарга такаган хаоско жана башаламандыкка алып келүүгө аракет кылып жатышат. Бүгүн, 14-октябрда, парламент өлкөнүн премьер-министрин жана өкмөттүн курамын шайлап, аны президент бекитти. Ага ылайык, жаңы өкмөт өлкөдөгү жана Бишкек шаарындагы коопсуздуктун жана коомдук тартиптин сакталышына толук жоопкер болот", — деп айтылат билдирүүдө.
Мындан сырткары, бардык мамлекеттик органдар борбор калаага киргизилген өзгөчө абал режиминин талаптарын аткаруу боюнча комплекстүү чараларды көрүшү керектиги белгиленди.
Булак: NazarNews.kg