www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекет башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева президент Сооронбай Жээнбеков менен отставкасын сүйлөшүүгө Жапаров менен кошо кимдер катышканын билдирди.

Анын айтымында, сүйлөшүү учурунда Садыр Жапаровдун жанында ЖК депутаттары Талант Мамытов, Курманкул Зулушев жана Камчыбек Ташиев болгон. Алар Жээнбеков отставкага кетиши керек деген позицияны карманууда.

Ал эми Жээнбеков тарабынан кеңешчиси Мурат Шайымкулов, президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев, сырткы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков жана маалымат катчысы Толгонай Стамалиева катышкан.

Эске салсак, 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон жарандар митинг өткөрүп, Ак үй менен УКМКнын имаратын басып алышкан. Мындан улам өлкөдө башаламандыктар уланып, 9-октябрда Жээнбеков өлкө мыйзамдуу жолго түшкөн соң кызматтан кетүүгө даяр экенин жар салган.

Ал эми кечээ, 15-октябрда, Жээнбеков парламенттик шайлоону өткөрүп коюп кете турганы расмий жарыяланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости