www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз президенттин жанындагы Сүмбүлдөргө Кайрылуу жасады.

Депутаттын Кайрылуусу төмөндө толугу менен:

"Президенттин алдында жылуу-жумшак орун алып, пайдасын көрүп, кызматтын мыктысын мыкчып, канчалаган мартаба күтүп, парбана көпөлөктөй президентти айланып жүргөндөр, силерден сураныч "Аргымат атта жал жок" деп башчыбызды жолго таштап кетпеңиздер. Садыр мырзага да айтаар элем, "Эгер ошол адамдар жаныңарга шыйпаңдап барып калса, жолотпогула. Алар силерди да орто жолдо таштап баса беришет. Ошолордун азабынан Кыргызстан оңолбой жүрөт. Ошолордун азабынан кыргыз эли оңолбой жүрөт. "Биримдикте" жүргөндөр, тилиңерди жутуп алгансыбай, бир нерсе деп койгула. Уят болот. Биримдигинерди көрсөткүлө. Болбосо "Ханын таштап баса берген"- деп, жети тукумуңарга чейин наалатка каласыңар. Эми дагы адатыңарча, башка партияга өтө качсаңар, анда тегиңер кул экендигинин дагы бир далили болот", - деди Садык Шер-Нияз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости