www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиялык оппозициячы Алексей Навальный Берлиндеги «Шарите» клиникасындагы дарылануу акысын төлөп берген адамдардын аты-жөнүн билдирди. Бул тууралуу ал «Инстаграм» социалдык түйүнүндөгү баракчасында жарыялады.
Навальныйдын айтымында, анын ооруканадагы дарылануусуна 49 900 евро короп, бул сумманы ишкер Евгений Чичваркин, экономист Сергей Алексашенко жана IT-адис Роман Иванов төлөп берген.
Азырынча Навальныйдын Германияда канча убакыт реабилитациядан өтөрү белгисиз. Анын азыркы жашоосу жана дарылануусу үчүн чыгымдарды Чичваркин өзүнө алган.
Эске сала кетсек, буга чейин Навальный анын Омск шаарынан Берлинге учуп келүүсүнө кеткен 79 миң еврону ишкер Борис Зимин төлөгөнүн айткан.
Алексей Навальный 20-августта Томск-Москва учагында эсин жоготкон. Немис өкмөтү Алексей Навальный нервди шал кылган «Новичок» заты менен ууландырылганын билдирген. Бул маалыматты Европадагы бир нече көз карандысыз лаборатория, ошондой эле Химиялык куралга тыюу салуу уюму да ырастаган.
Кремль окуяга эч кандай тиешеси жок экенин билдирип, Берлинди «бул ишти иликтөөдө Москва менен кызматташпай жатат» деп күнөөлөп келет.
Европа биримдиги, Улуу Британия жана АКШ Орусиядан Навальный менен болгон бул окуяны иликтөөнү талап кылып, болбосо жаңы санкцияларды киргизе турганын билдирүүдө.
Алексей Навальныйдын өзү аны ууландыруунун артында Орусиянын президенти Владимир Путин турат деп эсептей турганын айткан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”