www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын кечээ, 30-июлдагы отурумунда «Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары шайлоо участкаларын түзүү жөнүндө» токтомго өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Өзгөртүүлөргө ылайык, Тышкы иштер министрлигинин Италия Республикасынын жана Франция Республикасынын компетенттүү органдары менен жүргүзгөн иштердин жыйынтыктары боюнча Италия жана Францияда жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыздоо максатында Рим жана Париж шаарларында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу жана добуш берүүнү эсептөө үчүн эки шайлоо участкасы түзүлөт.

«Муну менен Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары түзүлгөн шайлоо участкаларынын саны кырк төрттү түзөт», - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости