www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Патрулдук милиция кызматы башкармалыгы үчүн "Эл планшет" электрондук тутуму иштелип чыкты. Бул тууралуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматы маалымдады.

Белгилей кетсек ,аталган система патрулдук милиция кызматкерлеринин планшеттерине киргизилген.

Ал каражат менен инспектор төмөнкү документтерди онлайн-режимде текшере алат:

  • транспорттун катталганы боюнча маалыматты;
  • "Коопсуз шаар" долбоору боюнча айыптары бар же жок экени тууралуу маалымат;
  • айдоочулук күбөлүктүн аныктыгын;
  • издөөдө болгон унаалар боюнча маалыматты;
  • административдик айыптардын төлөнбөгөндүгү тууралуу маалыматты.

Белгилей кетсек, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы менен Кайгуул-күзөт кызматын бириктирип Бишкекте Патрулдук милиция кызматы башкармалыгынын түзүлгөнүнө бир жылдай болду. Ал эми Ош шаарында патрулдук милиция кийинчерээк ачылды.

Эске салсак, өлкөнүн башка аймактарында азырынча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кызмат жүргүзүп келет.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости