Covid-19: Бир суткада 554 адам вирус жуктуруп алды
Ден-соолук  |   |  523

Коронавирустун статистикасы акыркы убакта санаага салып жатат. Ооруга чалдыккандар да, андан көз жумгандар да көбөйүүдө. 

Маалыматка ылайык, бир суткада 554 киши коронавирус жуктуруп алган. 

Кечээтен бери коронавирустан үч киши каза болгонун Республикалык штаб кабарлады.

Маалыматка ылайык, бейтаптар Бишкек шаарында, Ошто жана Нарын облусунда дарыланып жатышкан.

Ушуну менен жаздан бери Кыргызстанда аталган вирустан өлгөндөрдүн саны 1 111ге жетти. 

Булак: NazarNews.kg

 

 

Поделитесь с друзьями