Мирбек Мамбеталиев президенттин жана өкмөттүн иш башкаруучусунун биринчи орун басары болуп дайындалды
Саясат  |   |  1452

Мамбеталиев Мирбек Кемелович президенттин жана өкмөттүн иш башкаруучусунун биринчи орун басары болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка 12-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Буга чейин аталган кызматты Мамбетакунов Нурбек Тельманович ээлеп келген. Ал өзү жазган арыздын негизинде кызматынан бошотулган. 

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями