Видео - АКШда соода борборундагы жарылуудан 6 адам жаракат алды
Дүйнө жүзүндө  |   |  1316

Американын Виржиния штатынын Харрисонбург шаарында жайгашкан соода борборундагы жарылуунун натыйжасында беш адам жаракат алды. Бул тууралуу ABC News жазды.

Басылманын маалыматына ылайык, жарылуу таңкы саат 8:30 чамасында болгон.

Штаттын губернатору Ральф Нортам өзүнүн твиттер баракчасына соода борборундагы газ жарылуусунан кийин бийлик кырдаалды көзөмөлгө алганын жазган.

Жарылуунун кесепетинен төрт адам жеңил жаракат алып, экөө оор абалда ооруканага жеткирилген. Жаракат алгандардын үчөө жергиликтүү колледждин студенттери болгону маалым болду.

Белгилей кетсек, окуя болгон жерде 70 өрт өчүрүү кызматынын кызматкерлери иштеген.

Булак: NazarNews.kg

 

Поделитесь с друзьями