www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чеченстан Республикасынын башчысы Рамзан Кадыров Францияда мууздалган мугалимдин ишинде чечен улутундагы бир киши үчүн бут күнөөнү Чеченстанга оодарбоону айтып, Францияны күнөөлөдү.

“Бул окуяга чечендердин эч тиешеси жок деп толук ишеним менен айта алам. Ага кошумчалай Анзоров А. өмүр бою Францияда жашап ал жердин тамагын жеп чоңойгон адам.”- деп Кадыров өзүнүн Телеграмм баракчасында жазган.

Кадыровдун сөзүнө ылайык Анзаров Чеченстанда төрөлгөнү гана болбосо Францияда чоңоюп-өсүп, кичинекей кезинен баштап француз тилинде сүйлөп, окуп жана жазып эле келген.

Кадыров каза болгон мугалимдин үй-бүлөсүнө көңүл айтып, ага карата колдонулган күчтү сындады.  

Ошондой эле ал Францияда популярдуу  Charlie Hebdo журналынын ачык провокациялык ишин көрүп туруп Франция мамлекети эч бир чара көрбөгөнүн да катуу сындады. Өз сөзүндө болгон күнөөнү мусулмандарга шыбап, диний көз караштарды жана Жаратканга ишенимди мазактап, мусулмандардын сезимдери менен ойнобоого чакырды.

Рамзан Кадыров “Эгер бир мусулман терракт кылып, анын чогуу иштеген адамдары кармалса дүйнө катуу дүрбөлөнгө түшөт. Бул учурда Анзоровдун туугандарын да ошондой эле шек менен камалганын” белгиледи.

Грозный өз политикалык иштерине “кээ бир” өлкөлөрдөй болуп терракт кылып өзүнө көңүл бурдурбасын баса белгиледи. 

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости