www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азербайжан: Армения ок атышпоо келишимин бузду

Ажербайжандын Коргоо министрлиги Армениянын куралдуу күчтөрү ок атышпоо келишимин дагы бир ирет бузганын кабарлады.

"18-октябрда саат 00:00дө жаңы ок ​​атууну токтотуу жөнүндө келишимин жарыялаганына карабастан, Армениянын куралдуу күчтөрү келишимди дагы бир жолу одоно бузушту. Ага байланыштуу биздин бөлүмдөр тийиштүү чараларды көрүштү" - деп айтылат аскер департаментинин билдирүүсүндө.

Ал эми Бакунун айтымында, түнү менен Армениянын аскерлери Жебраил менен Араз дарыясынын айланасында минометтер жана замбиректер менен аткылашкан.

Азербайжан тараптан каза болгон аскерлер жок экенин кошумчалады Коргоо министрлиги.

Буга чейин Армениянын Коргоо министрлигинин өкүлү Шушан Степанян Азербайжанды ок атышпоо келишимин бузду деп айыптаган. Анын айтымында, душман түндүк багытта артиллериядан, түштүк багытта ракета аткан.

Эске салсак, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Азербайжан жана Армениядагы кесиптештери Жейхун Байрамов жана Зохраб Мнацаканян менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Андан соң, тараптар 18-октябрдын түн ортосунан баштап ок атышпоо келишимин түзүштү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости