www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун адистери тоңдурулган деңиз азыктарынан тирүү Covid19 вирусу табылганын билдиришти.

Адистер Циндао шаарындагы коронавирустук жаңы учурларынын катталуусуна байланыштуу ага эмне себеп болуп жатканы тууралуу изилдөөлөрдү жүргүзүшүп, себебин башка өлкөлөрдөн шаарга алынып келинген тоңдурулган балыктан (треска) тирүү Covid19 вирусун табышкан.

Борбордун сөздөрүнө ыйлайык, вирустун азык-түлүк кабында жана суук чөйрөдө тирүү табылышы дүйнөдө биринчи жолу кездешти. Бул факт адам затынын каптар менен болгон контагында  коронавируска чалдыгуусу мумкүн экенин далилдеди.

Буга карабастан жансыз заттардан адам илдетке кабылган учурлар болгон эмес. Ошондой эле, тоңдурулган тамак аштан да ооруга чалдыккан учур табыла элек. Ошондуктан, расмий түрдө вируска чалдыгуу мүмкүнчүлүгү дагы эле адамдан адамга аба тууралуу жана тыгыз контакта жугат.

Адистер канчалык жаңы чыккан факт коопсуз деп айтса да, ал фабрика заводдордо иштеген адамдар санитардык нормаларды сактабай кол капсыз иштей турган болсо, вирустун жайылышы абдан бат болоору кооптонууну жаратат.

Эске сала кетсек, буга чейин Циндао шаарында вирус кайрадан күчөп жаткандыгы белгилүү болуп, өкмөт бүтүндөй калкты вируска тест тапшырткан.  

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости