www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жазуучу Качкыналы Сыдыгалиев дүйнөдөн кайтты

17-октябрда 90 жаш курагында Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү, белгилүү жазуучу, акын, аскер дарыгери Качкыналы Сыдыгалиев дүйнөдөн кайтты. 

Качкыналы Сыдыгалиев 1931-жылы Чүй районунун Карай айылында төрөлгөн. 

Жазуучу 1957-жылы медициналык институтту бүтүрүп, башта жөнөкөй ооруканаларда иштесе, убакыт өткөндөн кийин аскердик дарыгер борлуп иштеген. 

1976-жылдан баштап гезит-журналдарда өз чыгармасын калкка жайа баштаган. Ушул жылдан баштап Качкыналы Сыдыгалиев толугу менен адабият дүйнөсүнө көңү бура баштаган. 

1985-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү, 1991-жылы Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү. Кыргыз Совет энциклопедиясынын тең автору болгон (1976). 36 көркөм жана илимий эмгектердин автору, алардын айрымдары чет тилдерге которулган.

Качкыналы Сыдыгалиев - Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн ардагери болгон. 

Булак: NazarNews.kg

 


 

Последние новости