www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Бөдөш Аманбековна, 16-октябрда УКМКга Камчыбек Ташиев жетекчи болуп дайындалды. Аны менен катар Камчыбек Ташиев ошол эле күнү маалымат жыйын өткөрүп, Райымбек Матраимовду “Эртең буйрук берем, Матраимовду таап, эгер кылган кылмышы болсо толук бойдон жоопко тартабыз», - деп айтты. Сиздин пикириңиз кандай, бул туура кадамбы?

--Ооба, Камчыбек Ташиевдин бул билдирүүсүн мен да окудум. Айтайын дегеним К. Ташиевдин “коррупцияга каршы күрөшөм”, дегени алабармандыкка алдырбай, салмак менен терең изилдеп, толук такталган фактыларга таянып анан коомчулукка жарыя кылса натыйжалуу болмок. Камчыбек Ташиевдин олтурган жери өтө олуттуу мекеме. Баардык маселелер өтө жашыруун дыкат изилденип, маалыматты шашылып айта берүүгө болбой турган мамлекеттик коопсуздук комитети. Адегенде тергөө иштери менен терең таанышып, анализдеп анан тапшырма берсе натыйжалуу болмок. Креслого олтуруп же олтура электе эле “Райымбек Матраимовду кармап келүүгө буйрук бердим” дегени мыйзамга туура келбейт.

--Алмазбек Атамбаев менен Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Кубанычбек Кулматовдун түптөгөн Бажы системасындагы коррупцияга жалгыз Райымбек Матраимовду күнөөлөгөнүн кандай түшүнсөк болот?

--Камчыбек Ташиев эгерде бажыдагы схема менен күрөшөм десе, Райымбек Матраимовдон эмес, андан арыраак, “атамандардан” баштоо керек. Анткени бажыдан бактысын таап, байлык топтогондордун катарын жогору жактагылар түзөт.

--Ошол учурда Кубанычбек Кулматов эки жолу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Ал эми Райымбек Матраимов болгону алардын төрт орун басарынын бирөөсү гана болгон. Бул жерде катардагы жөн гана каралоо күч алып жатабы?

--Тамырлап кеткен бажы маселесинде жалгыз Райымбек Матраимов менен гана чектелбеш керек. Чын бышыгына жетпей эле, эл оозунда айтылган "Райымбек Матраимов" деген терминди колдоно калуу - бул Камчыбек Ташиевге дагы, УКМКга дагы аброй алып келбейт. Бажыдагы күмөндүү система бүгүн эле чыга калган жок, же болбосо жалгыз Райымбек Матраимовдун тушунда жарала калган эмес. Райымбек Матраимов орун басар гана болуп иштеген, болгондо дагы Алмазбек Атамбаевдин убагында. Эгерде Райымбек Матраимов иштеген мезгилден коррупцияны изилдеп баштагысы келсе, анда Атамбаевден баштап изилдөө керек. Ошондуктан бул орчундуу маселеге олуттуу мамиле кылуу зарыл. Албетте К.Ташиев үчүн жаңы, анча тааныш эмес кызмат болгондуктан бир инсандын атын айтып жарыялоодо өтө орчундуу негиз далил болушу керектигин эске алса жакшы болмок. Камчыбек Ташиев, коомчулукту алаксытуу үчүн эмес, мыйзамдын тили, фактылар менен иш алпаруу зарыл. Албетте, К.Ташиевден коомчулук көптү үмүт кылып жатканда, дагы кайталап айтамын, алабармандыкка алдырбай, кимдин-ким экенин тактап, коррупциянын анабашында ким турганын аныктап, мыйзамдын тили менен ишке ашырса деген пикир айтат элем. Эгерде тазалоону мыйзам чегинде баштайм десе негизгилерге мөөнөтү жетээр бекен, Райымбек Матраимов караандабай эле калат го, - дейт экс-депутат Бөдөш Мамырова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости