www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 15-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кетүү тууралуу чечим кабыл алганын жарыялады.

Конституциянын 68-беренесине ылайык президенттин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтогондо жаңы президент шайланганга чейин анын милдеттерин Жогорку Кеңештин төрагасы аткарат.

Жогорку Кеңештин жаңы шайланган төрагасы — Канат Исаев.

Белгилей кетсек, президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнү президенттин ыйгарым укуктары токтогондон кийин 3 айлык мөөнөттө уюштурулат.

Президенттин ыйгарым укуктарын аткарып жаткан жаран Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоого, өкмөттү отставкага кетирүүгө жана президенттик шайлоодо талапкер болууга укугу жок.

Эске салсак, эгерде президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-октябрда арыз жазса, анда президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнү 2021-жылдын 15-январы болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости