www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эми такси айдоочулары жана официанттар окутуулардан өтүшөбү?

Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков такси айдоочуларын жана официанттарды окутууну сунуштады. Бул тууралуу ал туризм бизнесинин өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда айтты.

«Такси айдоочулары үчүн жалпы кабыл алынган эрежелерди жана эл аралык этикеттин нормаларын үйрөтүүнү биргелешип уюштуруу максатка ылайыктуу. Анткени, алар чет элдик туристтерди аэропорттордон биринчи тосуп алышат. Ошол эле курстарды официанттар жана гиддер үчүн да уюштуруу керек. Алардын жүрүм-турум маданиятынын деңгээли, тейлөө маданияты өлкөнүн жана элибиздин биринчи элесин жаратат. Көбүнчө сертификаты бар адистер чет элдик туристтерди тейлеши керек. Мындай тажрыйба өнүккөн өлкөлөрдө бар», — деди Кадырбеков.

Ошондой эле, ал туризм боюнча мамлекеттик саясатты өркүндөтүү максатында туризм бизнесинин өкүлдөрү тарабынан айтылган сунуштар менен идеялар да каралып, иштелип чыгарын белгиледи.

Кадырбеков туризм бизнесинин өкүлдөрү менен жолугушуп, кышкы туризмди калыбына келтирүү, пандемия шартында пайда болгон көйгөйлөрдү чечүү жолдорун талкуулашты.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости