www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 27-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда КРнын экс-башкы прокурору Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча сот отуруму уланды.

Анда айыпталуучулар Э.О. 18 жыл 2 айга, А. А. 15 жылга эркинен ажыратылды.

Сот отурумунда Аида Салянова соттун мындай өкүмүнө макул эмес экенин айтып чыкты:

“Айыпталуучулар өмүр бою эркинен ажыратылышканда, инимди өлтүргөндөр эртедир-кечтир чындыкты, буйрук берген адамдын атын айтып беришмек деп ойлойм. Анткени, сот залында алар чындыкты айта алышкан жок. Бирок, 15 жылдык жаза алып, айыпталуучулар чындыкты айтышпайт. Анткени, аларды түрмөдөн чыгартып алууга аракет кылышат. Мындай өкүмгө биз макул эмеспиз”, – деди Салянова.

Эске салсак, Улан Саляновду 2017-жылы 6-ноябрга караган түнү Бишкектин Көк-Жар жаңы конушундагы өз үйүнөн белгисиз адамдар атып кетип, ал ооруканага жетпей көз жумган.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости