www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Акбалык Жумалиева, учурдагы кыргыздардын ич ара мамилеси тууралуу сын-пикирин айтып, кыргыздарды ынтымакка чакырды.

--“Кыргыздар кичинекей, алакандай эл болгонубуз менен ыркы жок, көрө албас, ичи тар, улууну урматтабаган, кичүүнү сыйлабаган, кыздарын барктабаган, тартипсиз эл болуп баратабыз. Жалпы эл десем туура эмес болоор, бирок тартипсиздер өтө көбөйдү. Өзү санай келсек манжабыз деле ашып кала турган, саналуу эле беделдүү саясатчыларыбыз бар. Аларды деле жанын койбой, бири-бирине тукуруп, кайраштырып, бири-бирине душман кылып жатабыз. Бирин жер саткыч саткын дейбиз, бирин зек дейбиз, бирин мародер дейбиз... аларды жалган-жалаа менен каралап, сүрөттөрүн адепсиздик менен түрдүү карикатура жасап, шылдың кылып отурабыз.

Деги бизге ким жагат?

Иделдуу адам жок, ар бир адамдын кемчилдиги болот. Улуттук лидер да адам заты болгондон кийин албетте кемчилдиги болот. Ошол бир аз кемчилдигине көз жумуп, жакшы жагын көрүп, даназалап лидер кылып, калганыбыз колдоп, кубаттап ээрчип, мамлекетти көтөрбөйлүбү. Ошол саналуу лидерлерди кайраштырбай, бириктирбейлиби... Жок, бизге анадай жакшы ойлор келбей калыптыр. Биз бир гана жалаа жаап, каралаганга уста болуп калыптырбыз. Анан калса кайчы пикир жазып, өз көз карашын айтып чыккан кыз-келиндерге карата оозго алгыс уят сөздөрдү жазып, сүрөттөрүн монтаждап чыгарган эркектер эркек эле эмес, алар адам деле эмес экен дейт элем. Эркин мамлекетте жашаган адам өз пикирин ээн эркин айтып чыгууга укуктуу. Эмне үчүн ошол нерсени түшүнүшпөйт? Кумир туткан лидерине жагынуу үчүн аша чаап, адамдык касиеттен кетип, ошондой ыплас ыкма колдонуп аракеттерди жасоо - өтө туура эмес го дейм. Аны менен кайра өз лидерлериңерге жамандык кылып коюп жатканыңарды билээр бекенсиңер? Келиңиздер, оңололу! Башка бирөөнү каралоону токтотуп, өзүбүз мыкты деп эсептеген адамдын жакшы тараптарын айтып, даңазалоо менен убара бололу. Башка адамды каралаганга кетирген убакытты тескерисинче, мактап даңтоого жумшайлы! – деген пикирин айтат Акбалык Жумалиева.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости