www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Манас РИИБнин кызматкерлери  адам өлтүрүүгө шектүү жаранды  кармап, изи сууй электе кылмыштын бетин ачышты. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда Талас ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Тактап айтканда,  25-ноябрь күнү саат 10:30 чамасында  Манас районунун Талас айылында жолдун түндүк тарабынан 1961-жылы туулган  Д.И.нин жансыз денеси табылган. Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине  катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 130-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлө баштаган.

Ыкчам-тергөө тобунун ыкчам иш-аракеттеринин негизинде, аталган кылмышка ошол эле айылдын 1987-жылы туулган тургуну  И.Ж. катыштыгы бар экендиги аныкталып, ал жашаган  турак үйгө кароо жүргүзүлүп, үйдүн кире бериш бөлмөсүндө турган столдун үстүнөн сабында кандын издери байкалган ашкана бычагы табылып алынган.

Мындан тышкары, турак үйдүн төркү бөлмөсүнөн үй ээси 1987-жылы туулган  И.Жга таандык, кандын издери калган сырт кийимдери табылып алынган. Шектүү  И.Ж.  Кара-Буура РИИБнүн убактылуу кармоо жайына  камакка алынган.

Учурда факты  боюнча экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости