www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кезектешип эле өлкөнү башкара беришпейби?

Кызык окуяларга күбө болот экенсиң. Өткөндө он чакты адам чогулуп алып кимди ажо кылып шайлайбыз деп кужулдашып жатышканына ортоктош болуп калдым. Эми тигил Бабановуң, Төрөбаевиң, Сариевиң деле  элди жыргатпайт. Андан көрөкчө чүчү кулак карматып эле падыша кылып шайлап койгон оң болот. Ошондо  казынадан  каражат кетип оңкулдабай калабыз. Ал акчаны элдин керегине жаратсын мыкчыгерлер деген бир карыянын кебине баары кулак төшөп калышты.

Акыйкат кептей сезилди мага да. Чын эле бактыңдан көр деп чүчү кулак карматып хан шайлап коюу жөрөлгөсүн колдонуп көрбөйлүбү? Бир сунуш- болгону эки мыкты талапкерге гана мындай мүмкүнчүлүктү бериш керек. Маселен, Соке менен  Туйгунаалыга ушундай чүчү кулак карматсак болот. Анткени бири  түштүктүн, экинчиси түндүктүн кулуну. Эгерде ушул ой-толгоом орундалып калса Баш мыйзамдын автору катары саналып калмакмын.

Саламым менен  Ж. Түзайтаров

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости