www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда ата-энелер үчүн мамлекеттик кызматтарды алуу ого бетер жеңилдеди. Эми жаңы төрөлгөн баланын туулгандыгын каттоо үчүн калкты тейлөө борборлоруна баруунун кажети жок — арызды үйдөн чыкпай эле "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу берүүгө болот. Бул тууралуу "Түндүк" ААКсы маалымдады.
Жаңы кызматтын алкагында колдонуучулар төмөнкү мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат:
Баланын туулгандыгын каттоо өтүнүчүн аралыктан жөнөтүү;
Берген арыздын кароо баскычын реалдуу убакыт режиминде байкап туруу;
Даяр болгон туулгандыгы тууралуу күбөлүктү түздөн-түз тиркемеден электрондук форматта алуу.
Жаңы санариптик кызмат ата-энелердин убактысын үнөмдөп, ашыкча убаракерчиликтен арылтат. Бардык процедуралар аралыктан аткарылгандыктан мамлекеттик органдарга барып кезекке туруунун зарылдыгы жок.