www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облусунун Кара-Суу районундагы кирпич заводдо иштеген кытай жараны өндүрүштүк жабдыкка кулап каза болду. Бул тууралуу маалыматты облустук ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.
Маалыматка караганда, окуя 26-июлда саат 20:00 чамасында катталган. Кырсык Жаңы-Арык айылындагы "Чыгыш курулуш материалдары" ЖЧКсынын кирпич заводунда болгон.
"Тергөө иштеринин жүрүшүндө каза болгон киши - 1979-жылы туулган Кытай жараны Д.Ю.Х. экени, заводдо технолог болуп иштеп жатканы аныкталган. Алдын ала маалыматтарга караганда, саат 18:30 чамасында ал жумуш учурунда белгисиз жагдайларда кокустан иштеп жаткан өндүрүштүк станокко кулап, алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде каза болгон", - деп айтылат маалыматта.