www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эми Түркияга баруу үчүн ПЧР-тест талап кылынбайт

Бүгүн, 1-июндан тартып Түркияга кирүү эрежеси өзгөрдү. Эми чек арадан өтүүдө COVID-19 вирусун жуктурбагандыгын тастыктаган документ көрсөтүүнүн кажети жок.

Тактап айтканда, ПЧР-тест же экспресс-тесттин жыйынтыгы керектелбейт. Мындай чечимди кабыл алууда учурдагы коронавируска байланышкан абал эске алынган.

Буга чейин чет өлкөлүктөр Түркияга баруу үчүн коронавирус жуктурбагандыгын тастыктаган ПЧР-тесттин же экспресс-тесттин жыйынтыгын, же болбосо коронавирус менен ооругандыгы тууралуу сертификатты көрсөтүшү керек болчу.

Кечээ, 31-майда Түркиянын саламаттыкты сактоо министри коомдук жайларда милдеттүү түрдө беткап тагыныш керек деген эрежени жокко чыгарды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости