www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сузакта мугалимдин ур-токмогуна кабылган окуучу кызга психологиялык басым жасалып жатканын бүгүн 1-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Винера Раимбачаева билдирди:
“Окуучуга психологиялык басым болуп жатат. Бизге ошондой маалымат келди. Мугалимдерден, райондук администрациядан. Мугалимдин да, окуучунун да укугун тебелебешибиз керек”.
Депутат окуучу кыз ооруканада дарылануусун улантып жатканын кошумчалады.
Эске салсак, окуя 23-майда Сузак районунун Сафаровка айылындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы №1 мектепте болгон.
Интернетте мугалим окуучу кызды чаап, уруп жаткан видео тараган. Кийинчерээк окуя эмнеден башталганы, 7-класстын окуучусу педагогго каяша айтып, урушуп жатканы тартылган видео жүктөлгөн. Окуя боюнча билим берүү министри Алмаз Бейшеналиев да үн катып, милиция ишти иликтей баштаган.
Жыйынтыгында мугалим жумуштан бошотулуп, бирок кийин кайра кызматына кайтарылган.
Булак: NazarNews.kg