www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
1-июнда Кыргызстанда эки же андан көп аял алуунун кесепеттерин жана мыйзамдык жоопкерчиликтерин түшүндүргөн маалымат өнөктүгү башталды. Евробиримдик менен БУУнун “Теңдик нуру” биргелешкен демилгесинин колдоосу менен ишке ашырылып жаткан долбоор алкагында интернеттеги социалдык түйүндөр аркылуу маалымат таркатылат.
Уюштуруучулар билдиргендей, “Иш-чаранын негизги максаты – өткөн жыл соңунда ишке кирген Кылмыш-жаза кодексиндеги аялдарга жана кыздарга карата зомбулукка байланыштуу өзгөрүүлөр боюнча коомчулукка маалымат берүү”.
Укук коргоочулар көп аялдуулукта аялдын, балдардын укуктары бузулуп, бул көрүнүш аларды коом алдында моралдык, психологиялык жактан чүнчүтөрүн белгилеп жүрүшөт.
Кыргызстанда “Үй-бүлө жөнүндө кодекс” бир гана расмий никеге уруксат берет. Мыйзам боюнча эки же андан көп аял алган адам коомдук, түзөтүү жумуштарына же айыпка тартылат. Бул кылмыш үчүн айып пулдун өлчөмү 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин деп аныкталган.
Коомчулукта көп аялдуулук темасы ачык талкууланып же иликтене элек. Ошондон улам маселени ачык көрсөткөн статистика жок.
Булак: NazarNews.kg