www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда турак жайды камсыздандыруусу жок болсо электр жарыгын өчүрүү боюнча атайын долбоор иштелип чыкты.
Элдин жонунан кайыш тилген мындай долбоорду, документтин авторлору мамлекеттик маанидеги маселе деп жатышат.
КР Экономика жана коммерциялык министрлиги турак жайды камсыздандыруусу жок жарандарга электр жарыгын өчүрүүнү сунуштоодо. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтомунун долбоору коомдук талкууга коюлду.
Сөз турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу полиси жөнүндө болуп жатат.
"Жаңы менчик ээси же ижарачы турак жайга кирүүдө лицензиат менен келишим түзүп, анын атына жеке эсеп ачып, полисти көрсөтүүгө милдеттүү. Көрсөтүлгөн мөөнөттө документтер толтурулбаса, лицензиат бул тууралуу жаңы менчик ээсине билдирет. Электр энергиясын берүүдө мүмкүн болуучу үзгүлтүккө байланыштуу эскертүү түзүү зарылдыгы жөнүндө жазуу жүзүндө», - деп айтылат документтин долбоорунда.
Министрлик бул демилгени мамлекеттик маанидеги иш-чара деп атады. Авторлордун айтымында, ал төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
– өзгөчө кырдаалдарда жарандарга келтирилген зыяндын ордун өз убагында төлөп берүү, «финансылык төлөө жөндөмдүүлүгүн сактоо», зыяндын ордун жабуунун мамлекеттик эмес булагын түзүү;
– турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндө өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга бардык деңгээлдердеги бюджеттердин чыгымдарын кыскартуу;
– калктын камсыздандыруу маданиятын акырындык менен жогорулатуу;
– имараттарды калыбына келтирүү;
– бюджеттин киреше бөлүгүн толуктоо.
Булак: NazarNews.kg