www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү баасы $321 млн түзгөн көп тармактуу заманбап комплекстин жана Орто-Сай айылында 20 миң кишилик заманбап "Ыйман борбору" мечитинин курулушу, ошондой эле ишкер Хабибулла Абдукадыр тууралуу суроолорго жооп берди.

Ал өз сөзүндө Хабибулла буга чейинки президенттер менен кандай мамиледе болгону маанилүү эмес экенин,башкысы кылмыш кылган эмес жана издөөдө жүргөн эмес болсо, мекенге инвестиция салам деген бардык ишкерлерди кол чаап тосуп аларын айтты.

"Беш жылдыздуу мейманкана курам дегендерге жер беребиз, 5 жылга чейин салыктын кээ бир түрлөрүнөн бошотобуз" деп жарыя кылдым. Анын негизинде инвесторлор келди. Арасында Хабибулла Абдукадыр дагы бар экен. Биз бул инвесторлорго жер берген жокпуз. Алардын мурда сатып алып койгон жери бар экен, илгерки "Нарын" ресторанынын орду. Ошол жерге беш жылдыздуу мейманкана салып башташты. Баасы 321 млн долларлык 37 кабаттуу мейманкана башталды. Эң бийик биринчи имарат болот. Эки жылда бүтөбүз дешти. Бүткөндөн кийин стабилдүү түрдө 2100 жумушчу орун болот. Такси кызматы, тейлөө кызматтары иштейт. Кыскасы баш айгы болуп 5 миң жумушчу орун пайда болот. Туристтер келет", - деди өлкө башчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости