www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Афганистандын студенттерине 500 виза берсек, Баткендин бүтүрүүчүлөрүнө окуу жайлардан 500 бюджеттик орун берели", дейт экономист, жарандык активист Эмил Ашымбаев.  

--"Ооба, биз – Кыргызстан меймандос өлкөбүз жана кыргызстандыктар кең пейил калк. Улуу ата мекендик согуш убагында кыргызстандыктар согуш жүргөн аймактардан эвакуация болуп келген балдарды сактап калышты. Казакстандык боордошторду ачкачылыктан аман алып калышкан. Биз жарандык согуш убагында коңшу тажиктерге жардам бердик, бирок азыр социалдык-экономикалык кырдаал Афганистандан качкындарды кабыл алууга мүмкүндүк бербейт.

Биз атүгүл Памир жергесиндеги кыргыздарды дагы кабыл алдык жана ал идея толук аягына чейин ишке ашпай калды. Иш жүзүндө памирлик кыргыздарга берген сөзүбүздү толук түрдө аткарган жокпуз.

Урматтуу өлкө жетекчилиги, эгерде биз Афганистандык студенттерди 500 виза менен камсыздасак, анда биздин Баткен облусунун бүтүрүүчүлөрүнө дагы 500 бюджеттик орун бөлүп берүү адилеттик болот. Бүгүнкү күнү бул биздин стратегиялык регион болуп саналат. Баткен облусунун жаштары болбоду дегенде өлкө деңгээлиндеги алдыңкы жогорку окуу жайларын окуп бүтүрөт. Андан алган көндүмдөрүн, тажрыйбасын жана билимин аймактарды өнүктүрүүгө жумшайт.

Аларды бюджеттик орундар менен гана эмес, жатакана жайлары, өзүн өнүктүрүүнүн жана менеджменттин ар түрдүү курстары менен камсыздоо зарыл. Азыртадан аймактардын жетекчилерин ырааттуулук менен жаш жана чыгармачыл кадрларга алмаштыруу жөнүндө ойлонушубуз керек.

Ал эми Афганистандык качкындар үчүн үчүнчү өлкөлөргө өткөрүүгө гуманитардык же транзиттик коридор уюштурууга болот.

Ошону менен биздин мамлекет эл аралык милдеттенмелерди аткарган болот. Өлкө экономикасына чоң басым түшүрүүнүн алдын алат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости