www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Талибандын жоочулдары Борбордук Азияга багыт алат деген божомолдорго эч реалдуу негиз жок», - деди бүгүн, 18-августта NazarNews маалымат агенттигине диний экстремизм жана терроризм маселелери боюнча адис Орозбек Молдалиев.

- Орозбек агай, "Саакашвили талибдер муну менен токтоп калбайт, алардын кийинки бутасы Борбор Азия болот", дептир. Анын айтканында негиз барбы?

- Сиз билесиз, саясат таануу илими боюнча бийликке келиш салыштырмалуу жеңил; бийликти колдонуу, башкаруу кыйла татаал. "Талибан" уюштуруу маселелерин чечип, Ооганстанды өздөрү пландаштыргандай шариаттык тартип менен башкаруу жолуна өтүү маселелери турат. Ички жана тышкы саясатта олуттуу маселелерди чечиши керек. Ошондуктан эртең эле талибандын жоочулдары Борбордук Азияга багыт алат деген божомолдорго эч реалдуу негиз жок. 

Экинчиден, «Талибан» 1996-ж. биринчи ирет бийликке келгенде деле биздин аймакка кол салуу максаты болгон эмес. 2001-ж. АКШ баш болгон эл аралык коалиция тарабынан бийликтен четтетилип, согушуп жүргөн мезгиде деле Борбордук Азияга каршы аракеттери болгон жок. Официалдуу өкүлдөрү биздин мамлекеттерге каршы эч кандай терс максаттары жок экендигин жарыялап келишкен.

Талибандын жетекчилери азыр мурдагыдан кыйла тажрыйбалуу болуп калышты жана биздин аймакка кол салуу эмнеге алып келерин жакшы түшүнүшөт. Бирок 2001-жылы эл аралык коалициялык күчтөр Ооганстандын аймагына киргенге чейин ал жерде эл аралык террористтердин машыгуу борборлору болгонун унутпашыбыз керек. 1999-2000жылдары Кыргызстанга Тажикстан аркылуу келип, кол салган «Өзбекстан ислам кыймылы» террористтик уюму Ооганстанда баш маанек кылып турган. Азыр деле талибдер менен чогуу аракеттенген террористтик топтордун мүчөлөрүнүн арасында келечекте Борбордук Азияда ислам эмиратын түзсөк дегендер жок эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости