www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Оогандыктардын Орто Азия өлкөлөрүнө качып кире башташы биз үчүн жакшы жышаан эмес", - деди бүгүн, 18-августта NazarNews маалымат агенттигине профессор Каныбек Осмоналиев.
- Каныбек агай, Саакашвили талибдер муну менен токтоп калбайт, талиптердин кийинки бутасы Борбор Азия болот", деген билдирүүсүн жазыптыр. Анын айтканына ынансак болобу?
- Михаил Саакашвили абдан креативдүү жана аналитик саясатчы. Мен окуганмын. Ал бул сөзүн 10 жыл мурда эле айткан болчу. Таамай айткан экен, айрыкча америкалыктардын качып кетээрин! Талибдер өздөрүнө келип бийликти биротоло орнотуп алышаарына көп убакыт керек болот. Бирок, дагы баягы ИГИЛдин жоокерлери кандай кадамдарга барышат? Алар Ооганстандын шарттарына көнүп эле отуруп алышпайт го? Талибдер деле аларды биротоло ооздуктап башкарып жүрө беришине күмөнүм бар!
- Афган трагедиясы идеологиялык тиреш, геосаясый кызыкчылыктардын кармашы десек болобу?
- Талибдер - бул Пакистандын долбоору. 1994-жылы эле "талибдер - студенттер" деген бренд менен пайда боло калышкан. Ал кезде СССР башында Ахмад-шах Масуд, Дустум жана Хекматияр баштаган моджахеддер менен эле согушуп келишпеди беле? Анан СССР уят болуп жеңилгенден кийин гана талибдер күчтөнүп кетишип, жогорудагы мен атаган 3 сепаратисттерди кууп салышып, 2 жылда эле Ооганстанга өздөрүнүн бийлигин орното алышкан. Ошондон баштап Пакистан, Иран жана Сауд Арабиясы геосаясаттык кызыкчылыктарын күчөтүшкөн! Талибдер 1996-2001-жылдары Ооганстанды башкарышты. Анан АКШ 2001-жылы Нью-Йорктогу эки мунара имраттарынын талкаланышын шылтоо кылып өздөрүнүн экспансиялык геосаясат оюндарына азгырылышып согуш менен киришкен. Аягында алар дагы, кечээ эле 15-августта шерменде болуп качышты. Эми кезек Талибдердин өзүндө. Өлкөнү оңдоп, туура жолго салып кетишеби? Кеп ошондо! Мен айтаар элем Ооганстанды өзүнүн эли гана (талибдер болсо дагы мейли) ийгиликтүү башкарып кете алат. АКШ, СССР кийлигишип көрүштү эле эмне болду? Шерменде болушту! 40 жылдан бери карапайым элдин каны төгүлдү. Бирок, сырткы жырткычка окшогон ири империялардын геосаясаттык оюндары дагы да болсо башталганы турат!
- Эми башка улуттагы террордук топтор Борбор Азияга агылып келиши мүмкүнбү?
- Орто Азия мамлекеттери акыркы 10 жылда өтө эле татаал жолго түшүп алышты. АКШ, Еврокошуун, Кытай жана Россия бул чөлкөмдүн айланасында билинбеген жана көзгө көрүнбөгөн согуштарын жүргүзүп келишет. Анын бир топ себептери бар. Орто Азиянын авторитардык лидерлери өз көмөчүнө күл тартуу менен алек. Демократиялык деген бир аз наамы бар Кыргызстан болсо, коррупционер президенттерине алданып, перманенттик төңкөрүштөрдөн башы чыкпай келет! Фергана өрөөнү кен-байлыктарга мол, таза суусу боюнча эң азгырыктуу аймак! Элдеринин башын бириктирип интеграциялык күчкө ээ боло ала турган чамалары тайкы. Акыл менен саясат жүргүзгөн лидерлери деле жок. Эгоизм туу чокуда турат.
Ири державалар муну өтө жакшы билишет. Ошондуктан, талибдердин бийликке келиши Фергана өрөөнү үчүн геосаяттык күрөштү башкача деңгээлге алып чыгат. Бул боло турган эле иш. Ошондуктан, башка улуттагы террордук топторду пайдалануу мүмкүнчүлүгү бар. Оогандыктардын Орто Азия өлкөлөрүнө качып кире башташы биз үчүн жакшы жышаан эмес. Тажикстан оогандыктардын арасында жашаган 7 млн тажиктери менен ойной башташыптыр. Өзбекстан дагы согушчан маршал Дустумду өз аймагына кабыл алып турат. Пуштундар менен башка улуттар кагылыша турган болсо, аягы кандай болот? Бир Кудай өзү билет! Иши кылса, биздин, башчылар акылдуулук жана салкын кандуулук менен тышкы саясатты алып кете алышаар бекен? Жакшылык гана каалайм!
Булак: NazarNews.kg