www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Эмил Токтошев кызмат өтөп жаткан жооокерлердин сабалып жатканына нааразы экенин бүгүн, 8-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Аскерге чакырылган жоокер Бекзат Эсенбеков прапорщик тарабынан сабалган. Азыр анын абалы оор. Мен буга чейин да ушундай суроону көтөргөм. Жаш балдар аскерге барышат, ал жактан сабашат. Аларга душмандын да кереги жок. Бул эмне? Бул кандай армия? Башкы прокурор бул ишти колго алсын. Спикер, сиз дагы өзүңүз көзөмөлгө алыңыз", - дейт депутат.

Анын пикирине депутат Камила Талиева дагы кошулду.

"Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин прапорщиги өз жоокерин түнү бою сабап, абалы оор, туугандары кайда гана кайрылышкан жок. Мындай учурларда министрлер кабинетинин ишине баа берилип, сындалса, алар бизге таарынып жатышат. Билим берүү министрлиги да иштебейт. 3-класстын окуучусу сууга чөгүп каза болду "21-кылымда болуп жаткан мындай коркунучтуу окуяларга ким жооп берет? Эртең акыркы коңгуроо. Баары трагедиясыз өтөт деп ким кепилдик берет? " — деп сурады депутат.

Последние новости