www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-июнда, Жалал-Абад облусундагы Камбар-Ата ГЭС-1 курулушунун башталышына старт берди.

Мамлекет башчы бүгүнкү күндө Кыргызстандын гидропотенциалынын 10-11 пайызы гана колдонуп жатканын айтты.

"Келечекте "Камбарата-1" ГЭСинин курулушу менен гана чектелбестен, Суусамыр-Көкөмерен, Сары-Жаз, Казарман, Жогорку Нарын ГЭСтеринин каскады сыяктуу ГЭСтерди куруу иштерин жүргүзүүбүз зарыл. Ошондо гана жараткан бизге берген гидропотенциалдын мүмкүнчүлүгүн толук колдоно алабыз", - деди Жапаров.

"Камбар-Ата ГЭС-1 куруу" долбоору Камбар-Ата ГЭС каскадынын курамындагы эң ири энергетикалык объект болуп саналат. Ал өзүнө бийиктиги 256 метр аска таш менен төшөлгөн, сыйымдуулугу 5,4 миллиард метр куб суу сактагычы бар ГЭСти курууну камтыйт.

Курулуштун мөөнөтү 8 жылдан 10 жылга чейин деп белгиленүүдө. ГЭСтин биринчи гидроагрегатын ишке киргизүү туруктуу каржылоо болгон шартта төрт жылда ишке ашмакчы.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости