www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түрк бийлиги Швеция менен Финляндиянын НАТОго киришине Анкаранын макулдугу үчүн зарыл болгон он шартты жарыялады. Түркия биринчи кезекте бул өлкөлөрдүн Анкара террорчу деп жарыялаган Күртстан жумушчу партиясын (ПКК) колдоосун токтотуусун каалайт.

Йени Сафак гезитинин жазганына караганда, талаптардын биринчи пункту: «Террордук уюмдарга: ПККга жана Ислам дааватчысы Фетхуллах Гүлен уюмуна (ФЕТӨ) жана алардын туундуларына каршы күрөштө Түркияга колдоо көрсөтүү. Мындан тышкары, Стокгольм менен Хельсинки «терроризм менен күрөшүү үчүн зарыл болгон укуктук ченемдерди жана укуктук инфраструктураны түзүшү керек».

Талаптарда «Өлкөлөрүндө ПККнын кеңселерин ачуу аракеттеринин токтотулушу» баса белгиленип, «өлкөлөр тарабынан ФЕТОнун иш-аракеттерине уруксат берилбөө, тиешелүү интернет сайты менен маалымат каражаттарынын жабылышы» сунушталды.

Анкара алдыга койгон бешинчи шарт - мүлктөрдүн тоңдурулушу жана террордук уюмдар менен байланышы бар бирикмелердин жабылышы. Андан ары Швеция менен Финляндия «террорчулукка тиешеси бар адамдарды депортациялап, өткөрүп бериши керек».

Ошондой эле бул өлкөлөрдүн бийликтери ПКК сыяктуу уюмдарга демонстрация өткөрүүгө тыюу салышы керек. Тизмедеги тогузунчу шарт «Түркияга каршы коргонуу өнөр жайына чектөөлөрдүн» жоюлушу.

Акырында Швеция менен Финляндиянын Түркиянын тогуз шартын толук аткарганда гана НАТОго мүчө боло турганы белгиленди.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости