www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сабалган жоокер Бекзат Эсенбековдун апасы ооруканада уулуна Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жардам көрсөтүлгөн деген маалыматты четке какты.

"Учурда уулумдун өпкөсүнөн суу сорулуп чыгарылып жатат. Уулумдун ден соолугу ушунчалык начарлап, оор абалда ооруканада жатат. Окуя болгонго чейин ал мага конокко келген, кайра бөлүмгө барганда андан акча талап кыла башташкан. Кетээр алдында өзүмө дары-дармек керек болгондуктан жол кире жана суусуна эле болгону 200 сом бергем. Ал 26-майдан 31-майга чейин сабалган. 31-майда Жаныбек уулу Төрөбай уулуман телефонуна 10 мүнөттө 500 сом салып берүүсүн суранган. Ал күнү балам түнү бою сабалганын айтты. Дени сак баламды аскерге жиберип, майыпты кайтарып алдым", - деди ал.

Ал ошондой эле ооруканада жаткан учурда баласын коркутушуп, эч нерсе айтпа дешкенин кошумчалады.

"Алар Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен ооруканага баласына жолугуу үчүн келишкен, ошондо да эч нерсе айтпа деп айтышкан экен. Балам шишип кеткен буту шымына батпай калганга чейин баарын бизден жашырды. А эгер ал каза болуп калса, өзүн-өзү өлтүрдү деп айтмаксыңар. Канча баланын убалына калдыңар?”, - деп кошумчалады ал.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости