www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия Камбар –Ата ГЭСинин курулушуна 2 млрд доллар бөлмөк. Мунун 150 миң долларын жана 150 миң доллар грант түрүндө бөлүнгөн, 300 миң доллар «кумга сиңген  суудай» дайынсыз кай жакка сиңип кетти? Эми гана Камбар-Ата ГЭСинин курулушу жанданып, эки материал чыкты биринде 4 жылда, экинчисинде 8 жылда бүтүрөбүз деген.

Ушул Убактылуу өкмөт бийлеп турганда 2011-жылдын 7-июнунда  эжекебиз Бермет көз жумган. Бермет эжебиз Аскар Акаев менен аяш болгон. Акаев бийликте турганы президенттин каттар бөлүмүндө иштеп, Акаевдин доору бүткүчө эле пенсияга чыгып кеткен. Президент боло электе Акаев алардын үйүнө келип көп ирет даамын сызган. Акыркы ирет парламентте президент болуп шайлангандан 1 жылдан соң 1991-жылдын 11-сентябрда бүткүл элдик шайлоого чыгып жеңип келген соң Орджоникидзедеги үйүнө мейман болуп келген. Андан кийин ресторандарда, резиденцияда көп эле жолукса керек, бирок Акаев үй тарапка келбей калды. Акаев жаңы президент болгондо элдин үнүн угуп турган. 1995-жылы жайында Бермет эжекем Караколго бара жатып, Ельцин жеңди деп «шампанское» аттырган. Ельциндин жеңиши ошол эле жылы күзүндө президенттик шайлоого аттанган Акаевдин жеңиши эле. Президенттик шайлоодо «доссекретарь» атка конгон досу Мисир Ашыркулов республикалык штабды жетектеген, Бермет эжеке Нарын, Кочкор тарапка көз салып турган. Шайлоонун эртеси эсимде Бермет эжеке шампан, коньяк салып алып мага көтөртүп алып акимге кирди. Анда аким маркум Эламан Акиев болуп калган, аким эшик ачылар менен ордунан атып туруп чуркап келип куттуктаганы бар. Ойлоп көрсөм эл менен аралашсын деп мага сетканы көтөртүп алса керек, бирок мен «кете берейинчи» -деп кетип калгам.

2004-жылы майбы же июндабы Мисир жездем Мадумаровду, Атамбаевди, Текебаевди, Марат Султановду, Эшимкановду бириктирип «Жарандык Союз» түзүп, бийликтен отставкага кеткен. Биздин үйгө келип отурганда «Козу сойолу» деп атамдар айтышты болгон жок. Атам сураганы эсимде: «Аскар менен жакшы дос элеңер, эмне андан бөлүнүп өз алдынча кеттиң» -деп. «Азыр убактылуу бийлик талашуу, бардыгы өз ордуна келет» -дегендей кылган.

Бермет эжекем сыяктуу 118 адамды алдап жүргөн, 2009-жылы квартира берем деп акчаны алып алып, качып жүргөн Турдубаеванын үстүнөн  «Кыргыз Руху» гезити тарабынан журналисттик иликтөө болуп, бул кишинин иши тергөөгө алынган. Кийин ал соттолуп кетти. Атамбаевдин учурунда грыжам кармап атат деп, ички аппараты бүт жарабай, ордунан жыла албай ооруканаларда күн өткөрүп калыптыр. Эмне болгонун билбейм, бирок боор ооруй турган абалга келиптир. Ошол материал жүрүптүр, таап алып кошуп койоун дедим, анткени Бермет эжекем жаздырып, чыкканда абдан ыраазы болгон:

   «Заманың бөрү болсо, бөрү бол, түлкү болсо, түлкү бол» -деген сөз бар эмеспи. Бакиевдик «бөрү, түлкү» заманында кылдын үстү менен кыйшайбай өтүп кеткен «кылым аферисттеринен» көптөгөн адамдар запкы жеп келишкен. Ошол  алдамчылардын митаамы «Азия-Курулуш»  ЗОА ПСКсынын уюштуруучусу жана Башкы директору, Орусия Федерациясынын жараны Турдубаева,А.А. Бул митаам элди майдалап алдабай эле, 12 кичи районго тогуз кабаттуу 5 үйдөн турган турак-жай комплексин куруп берүүгө келишим түзүп, 118 адамдан ири суммадагы акчаларды өзүнүн эсебине салдырат. Элди алдоо максатында, мингенде эле атын тетири минген Турдубаеванын үстүнөн  2007-жылдын 19-июнунда Кыргыз Республикасынын жараны Д.Ашимовадан арыз түшүп, Финансы полициясы тарабынан  КРнын Кылмыш Кодексинин 166 беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, ушул жылдын декабрь айында курулуп жаткан күмөндүү  курулушу токтотулат. Мыйзамды сактаган адам бул тууралуу өзүнө акча салган адамдарга билдириш керек эле, тескерисинче Турдубаева кулкунун кенен ачып «Таза аба» турак-жай комплексиндеги беш тогуз кабаттуу үйдүн жана  «Алтын-Ордо» турак жай шаарчасындагы 7 жеке үйдүн курулушу үчүн элдин көзүн боёп, акча алганды уланта берет. Ал эмес улам жаңы акча салуучуларды өзүнө тартып ала баштайт.

  Ошол эле акча салуучулардын эсебинен «Азия-Курулуш» ЗАО ПСКсынын Башкы директору катары өзүнө каалагандай айлык акы коюп алат. Анын айлыгы менчик айдоочу жалдаганга, Кыргызстандын аймагында жашаш үчүн эки кабаттуу турак-жайды үжүрөгө алууга, кызын менчик мектептен окутканга жетмек түгүл ашып, 2008-жылдын январь айында кызы менен Францияны кыдырып келгенге да жетет. Ал үжүрөдө жашаганы менен Орусия Федерациясынын жараны катары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары талап кылган  убактылуу «пропискага» отурууну да ылайык көрбөйт.

  Ошол эле жылдын аягында 2008-жылдын декабрынан 2009-жылдын майына чейин ар бир адамдын түшүнө кире бербеген АКШнын  1000000 долларына лотерея билеттерин ойнотот. Бул мезгилде ал акча салгандардын бир да тыйынын кайтарып бербейт, ошону менен бирге курулушка да эч каражат бөлбөйт. Таң калычтуу суроо туулат, Турдубаева мынчалык ири суммадагы акчаны кайдан тапкан? Буга деле жооп табылат. Көрсө келишим аркылуу акча салышкан кээ бир акча салуучулар келишимди бузган учурда да, келишимдин эрежелери сакталбай акча каражатын кайтарып берген эмес. Кээ бир квартиралар бир эмес бир нече кишилерге сатылганын, алар ошол өздөрү акча салып, сатып ала турган квартиралардын жалгыз ээси эмес, дагы кимдир бирөөлөргө да сатылганын акча салуучулар сот териштирүү убагында күбө болушту.

 Кызыгы, Турдубаеванын кулкуну куурап 2009-жылдын май айынан баштап турак жайдын социалдык тейлөө жагына деген шылтоо менен ар бир акча салуучудан ай сайын 300-500 доллар өлчөмүндө  төлөмдөрдү жыйып алып турган. Үйүбүз бүтүп калды деген ишенимде акча салуучулар ыйлап-сыктап бул төлөмдөрдү төлөп турган. Муну сот териштирүүсүндө митаам Турдубаева 2009-жылдагы экономикалык кризиске шылтоолоп, кризистин тоскоолдугу менен курулуш бүтпөй калды деп жанын жейт. «Таза аба» жана «Алтын-Ордо» турак жай комплекстери үчүн акча салуучулар төлөй турган акча каражаттарынын 50-100 пайызын төлөшүп, бирок турак жайы колго тийген жок, ай сайын жыйнаган 300-500 долларга  эле бул үйлөрдү, эгерде курулушка жумшаса, куруп коюуга мүмкүн эле.

Турдубаева элден чогултуп алган акчага эсирип ар кимге демөөрчүлүк жардамдарын бере баштаган. Адвокат В.В.Шоколованын айтканы боюнча өзүнүн жеке акча каражаты жок туруп, А.А.Турдубаева Е.Доганын концернине демөөрчүлүк кылып, каржылаганы белгилүү.

   Жүздөгөн адамдарды алдап жүргөн Турдубаева «кыңыр иш кырк жылда» дегендей, кылтакка түшүп Кыргыз Республикасынын Кылмыш Кодексинин 166 беренесинин, 3 бөлүгүнүн, 3 пункту боюнча, өзгөчө ири суммадагы акчага алдагандыгы үчүн жаза мойнуна коюлду. Арийне , сот аркылуу териштирүү убагында да Орусия Федерациясынын жараны А.А.Турдубаева өзүн «сүттөй ак» катары сезип, массалык маалымат каражаттары аркылуу мойнуна коюлган күнөөлөрүн башка бирөөлөргө оодаргысы келет. «Айран ичкен кутулат, челек жалаган тутулат» дегендей ал алкы бузуктук менен сугунгандарын, бейадепсиздик менен танып, анын курулушу рейдерлик жол менен тартып алынган деп, элди алдоого өтүүдө. Ал өзүнүн жеке сөзүнө таянып, Бишкек шаарынын район аралык сотунун 2009-жылдын 10-октябрындагы  «Азия-Курулуш» ЗАО ПСКсын  Кыргыз Республикасынын  «Банкрот жөнүндө» мыйзамынын 9 беренеси жана акча салуучулардын сотко берген доосунун негизинде банкрот деп тапкан ыйгарымдуу соттук чечимин четке кагып келет. Фирманын финансы-чарбалык ишмердүүлүгүн текшерген учурда, анын регистрациядан эле 4 жолу өткөн фактысы билинген. Эмне үчүн? Көрсө бул фирманын мамлекетке : электрэнергиясына, сууга, жерди ижарага алганга, соц.фондко, улуттук теле берүүгө болгон карызы кокодон ашып кетиптир. Банкта эсеби жок, себеби бул фирмада аласа-береселер жана башка иштер колмо-кол жеке адамдар тарабынан жүргүзүлүп келген. Бул дагы Турдубаеванын мамлекет жана акча салуучуларынын алдында ишенимсиздигин билдирет. Акча салуучулар Турдубаеванын макулдугу менен сот териштирүүгө банкрот болгон фирма менен «тынч макулдашуу» жолу менен курулушту жандандырып, баштоону сунуш кылышкан. Бирок А.А.Турдубаева акча салуучулардын бул сунушун четке кагып, тиешелүү документтерге кол койбой,өзүн рейдерликтин курмандыгы катары сезип, бул үйлөрдүн курулушунун аягына өзү чыгаарын жарыялап келет. «Уялбагандан өзүң уял» дейт өзү кылган алдамчылыкты мойнуна албай «Бакиевдик кландар» рейдерлик кылган деп кара беттенип, 118 ак эмгек менен иштеп тапкан акча салуучуларды, "ай караган текедей» акчасын алдап кеткен Турдубаевага эми ким ишенет?  Турдубаевага акчасын алдатып жапа чеккендер кайрадан сотко кайрылышып, сот экинчи ирет  кылмыш процессин жүргүзүп жатат. Турдубаеванын бети чымырап койгон жок, ал акчасына таянып, массалык маалымат каражаттарында жалган фактыларга жамынып, өзү бул оюндан «суудан кургак» чыккысы келет. Албетте, демократиялуу заман келди, соттор да адилеттүү. Бирок, алдамчыларды, митаамдарды, ууру-кескилерди адилет соттор да жазалап келген. Эмне үчүн өздөрү алдаткан акча салуучулар эми актанууга өтүшү керек? Алар акчаларын беришип, Турдубаеванын курмандыгы болгондору аз келгенсип, эми массалык маалымат каражаттарында анын күнөөлөрүн далилдеп берип туруш керекпи?

 Илгери Маанаке деген болгон экен. Бир күнү ал уктап атса сакалын кыркып кетет. Ойгонуп сакалын караса жок. Ошондо айтат имиш: «Мен Маанаке, Маанаке болсом сакалым канаке?»-деп. Ошого үндөш акча салуучулардын  акчасы канаке ? Акчасы  жок болгондон кийин соттук териштирүүсү жок эле Турдубаева 118 адамдын  акчасын чогултуп, алдап жүргөнү белгилүү болуп турбайбы. Алдабаса үйү канаке?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости