www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия террордук уюмдар менен күрөшүүдө так позицияны карманууну каалабаган мамлекеттердин НАТОго мүчө болуу арыздарына оң карай албайт, мындай өлкөлөрдүн альянска кабыл алынышы анын коопсуздугуна коркунуч туудурат, деди Түркиянын Президенттик Аппаратынын жетекчиси Фахреттин Алтун.

"Террор менен күрөштө так позицияны карманууну каалабаган мамлекеттердин НАТОго мүчөлүк арызын Түркия оң кабыл ала албайт. Мындай позиция Түндүк Атлантикалык альянстын келечегине да коркунуч туудурат", - деп жазды Анадолу маалымат агенттиги Алтундун сөзүн.

Буга чейин Түркиянын Коргоо министрлиги Кара деңиз портторунан эгин экспорттоодогу жылыш тууралуу билдирген. Бирок дагы деле талкууну талап кылган техникалык маселелер бар, дейт түрк департаментинин башчысы.

Түркия Финляндия менен Швецияга НАТОго кирүү үчүн ультиматум койгону да мурда кабарланган. Түркиянын президенти Эрдоган түндүктөгү эки өлкөнүн НАТОго мүчө болушун жаңылыштык деп эсептей турганын билдирди. Бул өлкөлөрдө, анын айтымында, көптөгөн “террордук уюмдар” бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости