www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нурлан Ражабалиев кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда жаракат алган жоокерлерге сыйлык берүүнү сунуштады.

Анын айтымында, учурда чек арадагы атышуудан жарадар болгон жоокерлердин абалы жакшы.

«Жабыркагандарды Бишкекке жеткирүү боюнча өз убагында иштер аткарылды. Баткенден учуп баратканда биринин абалы оорлоп, бирок дарыгерлердин жардамы менен борбор калаага аман-эсен жеткирилген. Парламенттин атынан аларга сыйлык берүүнү же белгилөөнү сунуштайм», - деди Нурлан Ражабалиев.

Эске салсак, чек ара аймагында атышуу 3-июнда, түштө башталганы кабарланган. Маалыматка караганда, алгач Баткен облусуна караштуу Булак-Башы аймагында кыргызстандык чек арачылар тактала элек аймактан өтүп, Кыргызстанга мыйзамсыз кирип кеткен тажикстандык чек арачыларды көрүшкөн.

Талаптарга баш ийбеген тажик чек арачылары кыргыз аскерлерин көздөй ок чыгарган. Натыйжада эки өлкөнүн чек арачылары атыша кеткен. Тажик тарап миномёт колдонгон.

Жабыркагандардын бири жандандыруу бөлүмүндө. Анын абалы өтө оор, экинчиси орточо деп бааланууда.

Окуя болгон жерге барган Камчыбек Ташиев жаңжал жайлоо талашынан чыкканын белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости