www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Душман – бул адамдын көлөкөсү. Ал көлөкөнүн канчалык узун болору адамдын өзүнө байланыштуу.

(Император Акбар)

Душмандар деле биз сыяктуу эле адамдар. Ошон үчүн аларга ишенбеш керек. Мышык «менин эң айыгышкан душманым – бул ит» дейт. Ит «менин да душманым ит» дейт. (Карел Чапек)

Душманың сөзсүз болуш керек. Антпесе, досторуң душман болуп калат.

(Г.Малкин)

Өскүң келсе, душман күт.

(Ш.Талейран)

Эгер сенин душманың жок болсо, анда бакыт сенден жүзүн буруп кеткен экен.

(Т.Фуллер)

Кедейдин душманы аз, байдын досу андан да аз.

(Мейдани) Эң коркунучтуу душман – бул жогорку мамлекеттик кызматта отурган түркөй чиновник.

(В.Зубков)

Душманын аябаган киши досун деле аябайт.

(А.Подводный)

Душман – мончочу сыяктуу. Сага жинденип жатып өзүнүн эмес, сенин кириңди кетирет.

(В.Ключевский)

Эгер душмандарың кордоп, басынта баштаса, демек, сен жеңишке жетериңе аз калыптыр.

(Э.Файн) Кастыкка келгенде досуң душмандан көп деле өзгөчөлөнбөйт.

(Менандр)

Душманыңдан өч алуунун эң жакшы жолу – ага окшошпош керек.

(Марк Аврелий)

Жоокерлер офицерлерден душманга караганда да көбүрөөк корксо, тартип деген ошол.

(Клод А.Гальвеций)

Бир адамдын душманы ушунчалык да көп болобу?

-- Көп сүйлөйм да... Аракты да көп ичем.

(“Симпсоны” мультфильминен)

Душманыңды жеңгиң келсе, “сен туура кылып жатасың” дей бериш керек.

(Клайд Шелтон)

Душманың ката кетирип жатканда жолтоо болбош керек. Жолтоо болгон уят да.

(Наполеон Бонопарт)

Сен “баары жакшы” деп жыргап отурган учурда, кимдир бирөө сага көр казып жаткан болот.

(Ганнибал Лектер)

Биз жеңүүгө тийиш болгон эң акыркы душман – бул өлүм.

(Джоан Роулинг)

Мындан да жаман болушу ыктымал да. Ишенген досуң душман болуп чыгышы мүмкүн эле.

(Станислав Ежи Лец)

Душманга алтын берсең, бир күнү “дагы бер” деп кайра келет.

(Джордж Мартин)

Дос табуу кыйын. Душманыңдан арылуу андан да кыйын.

(Наруто Узумаки)

Досту кандай кылдат тандасаң, душманды да ошондой эле дыкат тандаш керек.

(Оскар Уайлд)

Душмандарыбыз бизге сабырдуулукка, чыдамкайлыкка, боорукерликке үйрөнгөнгө эң сонун мүмкүнчүлүк түзүп беришет.

(Далай-лама XIV)

Сен дос танда, душмандар болсо сени өздөрү тандашат.

(Ясир Арафат)

Досторубуз бизди мактап жатып бузуп салышат, душмандарыбыз болсо жамандай берип түзөп коюшат.

(Аврелий Августин)

Досуң менен касың сенин жүрөгүңдү жаралаш үчүн чогуу иш кылышат: бири жамандаса, бири анын сөзүн сага жеткирип келет.

(Марк Твен)

Эгер сен ар бир адамга душманың катары карасаң, алар деле сага ошондой мамиле жасашат.

(Такуми Усуи)

Үйдүн ичиндеги бир душманга караганда, үйдүн сыртындагы жүз душман жакшы.

(Араб макалы)

Булак: Азия News гезити

Последние новости