www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жай ичинде Кыргызстандын аймагында каттаган оор жүк ташуучу автоунаалардын салмагына саат 10:00дөн 20:00гө чейин чектөө киргизилди. Бул туурасында Транспорт жана жолдор министрлигинен кабарлашты.
Министрлик мындай чечим автоунаалар каттаган жолдорду сактоо үчүн жасалып жаткандыгын айтышты.
Чектөө 2-июндан 1-сентябрга чейин киргизилет, тагыраагы, күн 28 градустан өйдө ысый турган болсо автоунаалардын 18 тоннадан жогорку салмак менен жүрүшүнө тыюу салынат.
Министрликтин буйругу жүргүнчүлөрдү, гуманитардык жардамдарды жана тез бузулуп кетүүчү кооптуу жүктөрдү ташыган автоунааларга тиешелүү эмес.
Маалыматта ири жана өтө оор жүктөрдү атайын уруксат менен алып бара жаткан курулуш, реконструкция, реабилитация жана жолдорду камсыздап туруучу автоунаалар да жүрө ала турганы айылган.
Булак: NazarNews.kg