www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков коронавируска каршы вакциналарды сатып алуу боюнча козголгон кылмыш иши боюнча кызматташууга даяр экенин билдирди.
«Эгер кандайдыр бир суроолор жаралса же комментарийлер талап кылынса, мен дайыма жооп берем. Маселе Башкы прокуратурада каралып жатканын билем. Тергөөнүн жүрүшү жана кылмыш ишинин чоо-жайы боюнча комментарий бере албайм», — деди Артем Новиков.
Эске салсак, буга чейин мурдагы премьер-министр Улукбек Марипов менен мурдагы вицепремьер-министр Артем Новиков коронавируска каршы вакцина сатып алуу иши боюнча суракка алынары айтылган.
Булак: NazarNews.kg