www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмил Токтошевге баары бир

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев бир нече айдан бери абакта саргарып, темир тордун азабын тартып жатканы баарына маалым. Камалган кезде эми эл көтөрүлөт, өлкө тынчыбайт дегендер чыккан, бирок убакыттын өтүшү менен жалпыбыз көрүп, күбө болуп турубуз, белдүү лидер кадимкидей унутулуп, калктын эсинен чыгып калды. Тактап айтканда, дүркүрөп эч ким чыккан жок.

Көрсө, Өмкөң карылыкка алдырыппы же байлык менен бийликке манчыркаппы, айтор, кыйын күндөрдө жанына аскар-зоодой бел болуп, жан аябастан колдоп келген жигиттерден алыстап кеткен экен, партиянын босогосун жаңы аттагандар “сатып” кетти.

Маселен “Ата Мекендин” төрүндө азыр Эмил Токтошев деген май чанап отурат, мурда кийин бул эргул партиянын ысык-суугуна күйгөн эмес да. Акаев менен Бакиевдин доорунда өз курсагын ойлоп, жеке керт башы үчүн бизнес жасап жүрүптүр. Анан мындай немеден жакшылык келеби? Маселен, Текебаев үчүн үн чыгарган жок, сотуна да басып барбады. Ушундан көрө каракулжалык Бакыт Калмаматов болгондо бул учурга чейин алкынып, бийликтин бир топ шайын кетирмек. Аттиң, десе…

Булак: "Мантыш"

Последние новости