www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты  журналист Семетей Аманбековго берген маегинде 2024-жылдын башында Ак үйдүн терезесинен секирген окуянын себептерин айтып берди.

Анын айтымында, ошол учурда УКМКнын кызматкерлери аны күч менен алып кетүүгө аракет кылышкан. Жамгырчиев өзүнүн депутаттык макамы бар экенин айтып, мыйзамга ылайык чакыруу кагазы (повестка) берилсе өзү барарын билдиргенин айтат. Бирок кызматкерлер жогору жактан буйрук түшкөнүн айтып, аны алып кетүүгө аракет кылышканын белгиледи.

Мурдагы депутат ошондой эле ошол кездеги Жогорку Кеңештин төрагасына кайрылганын, бирок анын жоопторунан колдоо көрбөгөнүн билдирди. Анын айтымында, УКМК кызматкерлеринин бири дааратканага барып келүүнү сунуштагандан кийин мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, терезеден секирип чыгып кеткен.

Эмил Жамгырчиевге карата 2023-жылдын аягында Кылмыш-жаза кодексинин «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ошол кездеги башкы прокурор  аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга парламенттен уруксат сураган.

2024-жылдын 10-январында Жогорку Кеңеш депутаттын кол тийбестигин алуу боюнча макулдук берген. Ошол эле күнү УКМКнын ошол кездеги төрагасы  Жамгырчиевдин Өзбекстандагы криминалдык чөйрөнүн өкүлү деп саналган адам менен байланышы тууралуу маалыматтарды жарыялаган.

Кийинчерээк соттун чечими менен Жамгырчиев камакка алынган, бирок 2024-жылдын февраль айында үй камагына чыгарылган.

Последние новости